Анын ﷺ кереметтери

Анын ﷺ эң улуу керемети

Ыйык Куран — бул Анын ﷺ эң улуу, түбөлүктүү жана муундар үчүн керемети.

Анын ﷺ сезилүүчү кереметтеринен

  • Ыйык көкүрөгүнүн жарылышы
  • Исра жана Мираж: Аль-Акса мечитине, андан соң жогорку асмандарга саякат
  • Анын ﷺ келечектеги кайыптар жөнүндө кабар бериши жана анын айтканындай болушу
  • Айдын жарылышы
  • Хижрат түнү аны өлтүрүүнү макулдашкан каапырлардын арасынан Анын ﷺ аман-эсен чыгышы
  • Умм Маъбаддын эчкисинин желинин сылап, сүтүнүн агышы
  • Алинин ооруган көзүнө түкүрүп, ошол замат айыгышы
  • Катада ибн Нуъмандын жаагына агып кеткен көзүн кайра ордуна келтирип, ал көзү башка көзүнөн да жакшы болуп калышы
  • Абдуллах ибн Аббаска динди терең түшүнүү жана тафсир берүү үчүн дуба кылып, дубасынын кабыл болушу
  • Көптөгөн жерлерде тамак-аш жана суусундуктардын көбөйүшү
  • Анын ﷺ манжаларынын арасынан суунун агып чыгышы